3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат

3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 

Ушул жылдын 5-июнунан тартып өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз кылууга багытталган.

 

Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.