Парламентте беш жаңы депутат ант берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында беш жаңы депутат — Аккулу Бердиев, Арсланбек Эгембердиев, Айжигит Тыналиев, Бакытбек Марипов жана Эрнис Айдаралиев ант берди.

 

Аккулу Бердиев “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Адахан Мадумаровдун, Арсланбек Эгембердиев парламенттеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин, Эрнис Айдаралиев “Ыйман Нуру” фракциясынан Нуржигит Кадырбековдун ордуна депутат болду.

 

Ал эми Айжигит Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан, Бакытбек Марипов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келди.

 

Кошумчаласак, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясынын ачылышы болду. Парламент депутаттары эки айлык тыныгуудан кийин жумушка чыгышты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.