Дыйкан-фермерлерге 3,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 499 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 751 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

 

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

 

  • мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 331 млн сом суммасында 8 миң 206 субъектти түзөт;
  • өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 420,31 млн сом суммасында 1 миң 293 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда. Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.