Ишкерлерге 5,5 млрд сомдон ашык жардам берилди

“Чакан, кичи жана орто ишканаларды колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлерге 5,5 миллиард сомдон ашык жардам берилди. Ушул жылдын 1-январына карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.

 

Каражатты жалпысынан дээрлик тогуз миңге жакын ишкер алган.

 

Эске салсак, долбоордо кайтарымдуулук негизде пайызсыз каржылык жардам көрсөтүү каралган. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.