Бишкекте аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмүрдүн ордуна каржылык колдоо көрсөтүлөт. Мэриядан билдиришкендей, социалдык төлөм 6 миң сомду түзөт. Ал эми жалгыз жашаган пенсионерлерге жана кароого муктаж жарандарга көмүрдү жеткирип берүүнүн компенсациясы — 700-900 сом.
Жалпысынан келе жаткан жылуулук сезонуна карата төлөмдү 3 миң 869 үй-бүлө алат. Ошондой эле жетим, майып балдар жана үй-жайсыз жарандар менен иштешкен 4 уюмга дагы көмүрдүн ордуна каражат берилет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.