Ысык-Көл облусунун Түп районундагы эки айылда 100 орундуу бала бакчалар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Михайловка айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Ал эми Кең-Суу айылындагы мектепке чейинки билим берген мекеменин курулушу былтыр башталып, каражат республикалык казынадан бөлүндү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.