Араванда мектептин кошумча имараты ачылды

Араван районунун Кайрагач-Арык айылындагы орто мектептин кошумча имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, имараттын жалпы сметалык баасы 21 млн сомду түзүп, анын ичинен Ош облустук өнүктүрүү фонду 7 млн, Нур-Абад айыл өкмөтү 3 млн, демөөрчүлөр тарабынан 11 млн сом каржыланган.