Бишкек шаарында 11 курулуш компаниясына айып салынды. Мэриядан билдиришкендей, Муниципалдык инспекция тарабынан аларга протоколдор түзүлдү.
Жанаша аймагын таштандыга толтурганы үчүн КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси боюнча төмөнкү курулуш компанияларына 13 миң сомдон айып салынды:
— Фрунзе көчөсү, 466; «Кейджи Восток Сервис» ЖЧКсы;
— Коенкөзов көч, 100; «Турпан Строй» ЖЧКсы;
-Токтогул көч, 165 «Бай Таш Групп» ЖЧКсы;
— Фрунзе көчөсү,100; «Жаз Строй» ЖЧКсы;
— Репин көчөсү, 219; «Асман Констракшн» ЖЧКсы.
КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө айып пул алгандар:
— 7-апрель көч, 2 а/1; «Биштаун» ЖЧКсы;
— Фрунзе көчөсү, 100. «Жаз Строй» ЖЧКсы;
КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкү компаниялар сакташкан эмес. Аларга 23 миң сомдон айып пул салынды:
— Самойленко көч, 87, 89; «Турпан Строй» ЖЧКсы;
— Фрунзе көчөсү, 445. «Кейжи Восток Сервис» ЖЧКсы;
Андан сырткары, «Стерлинг Групп» ЖЧКсына карата 179-берененин 2-бөлүгү боюнча протокол жазылып, ошондой эле 179-берененин 3-бөлүгүнө ылайык «Делмар Групп»ЖЧКсына айып салынган.
Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелери бардыгы үчүн бирдей экенин эскертет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.