Эртең Кыргызстанда масштабдуу ишембилик өтөт

Эртең Кыргызстанда масштабдуу ишембилик өтөт.

 

Улуттук тазалык күнүнө арналган экологиялык акцияны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги уюштурат. Ага бардык жарандар катышып, анын алкагында кɵчɵ, айыл, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырылат, — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, мындай иш-чара былтыр октябрда алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулган.