Токтогулдагы суунун көлөмү 12,6 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 5-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 688 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 431 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 256 куб метрди түзүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.