Бишкек мэриясы бир нече шакекче автобустук каттамдарды түзүү ниетинде

Бишкек мэриясы бир нече шакекче автобустук каттамдарды түзүү ниетинде. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен эл аралык эксперттер менен келишим түзүлдү.

 

Адистер башка мамлекеттерде колдонулуп келген формулаларды ишке ашырып, транспорт системасын оптималдаштырат.

 

Алсак, Бишкектин айланасына чоң каттамды кое берип, ичине бир нече майда шакекче каттамдарды ачуу пландалууда, бул перпендикулярдуу кыймылды камсыздайт. Учурда муниципалитет тиешелүү эсептерди жүргүзүүдө.