Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-раундундагы алгачкы оюнун Иран курама командасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңилди.
Беттеш 5-сентябрда Ирандын Исфахан шаарынын “Фуладшехр” стадионунда өттү. Оюндагы жалгыз голду 34-мүнөттө Иран курамасынын чабуулчусу Мехди Тареми киргизди.
Эки команданын кийинки беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.