Кыргызстандык Рамина Цой футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатынын оюндарына калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 32 команданын катышуусунда өтө турган Дүйнөлүк биринчилик 20-июлдан 20-августка чейин Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын тогуз шаарында болот. Цой бул турнирде Борбор Азиянын калыстары арасындагы жалгыз өкүл.