Мбаппе Роналдунун рекордун жаңылады

ПСЖ жана Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Криштиану Роналдунун рекордун жаңылады. Форвард Гибралтар менен Евро-2024 тандоо оюнунда хет-трик жасаган.

 

Ошентип, ал карьерасындагы 300 гол чегинен ашып кетти. Мбаппе 24 жашында бул көрсөткүчкө 25 жашынан кийин жеткен Роналду, Месси жана Неймарды артка таштады.

 

Кошумчалай кетсек, Мбаппе Франция курама командасынын бомбардирлер тизмесинде үчүнчү орунга чыкты. Ал команда үчүн 46 гол киргизген.