Таксисттерге көзөмөл күчөтүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таксисттерге көзөмөлдү күчөтөт.

 

Ведомстводон билдиришкендей, акыркы убакта такси кызматына айдоочулук тажрыйбасы жок жумушка орношуп жатышат. Ошондой эле керектүү документтери жок иштеп, унааларды өз убагында кароодон өткөрүшпөйт. Мындан тышкары, айдоочулар такси кызматына тиркемелер аркылуу катталып, жумуш жана эс алуу тартибин сактабастан иштешет. Уктап калбоо үчүн ар кандай энергетикалык суусундуктарды колдонуп, муну менен өздөрүнө эле эмес, жүргүнчүлөргө да коркунуч жаратат.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы таксисттердин жол эрежесин бузганына күбө болгондорду (0777) 102 102 номуруна билдирүүгө чакырат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.