Баткенде жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиришти.
Маалыматка ылайык бүгүн, 9-сентябрда саат 09:41де Баткен облусунун Баткен районунда жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Көк-Таш айылында 2,5 балл, Булак-Башы айылында 2 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.