Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курамасы көкпар боюнча мелдеште Монголияны 16:0 эсебинде жеңди. Көкпар боюнча таймашка 9 мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Россия, Өзбекстан, Венгрия, Кытай, Монголия жана Түркия катышууда.
Белгилеп кетсек, бул оюнда кыргыз спортчуларынын башкы атаандашы болуп Казакстандын курамасы эсептелет. Казактар да өзбекстандыктарды 16:0 эсебинде утту.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.