Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Кайгуул милициядан билдиришкендей, түшкү саат 2ден түнкү 11ге чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгүндө кыймылга чектөө киргизилет.

Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфиловго чейинки бөлүгү да жабылат.

Бул футболдук мелдеш өткөрүүгө байланыштуу.

Айдоочулар маршрутун алдын ала пландап алуусу керек.