Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаңы медициналык жабдуулар берилет

Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаңы медициналык жабдуулар берилет. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, аппараттар Кытай грантынын алкагында алынат.

 

Жабдуулардын жалпы суммасы 5 миллион долларды түзөт.

 

Ошондой эле учурда ооруканада жаңы клиникалык-диагностикалык бөлүм курулуп жатат. Ишти сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

 

Бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.