Кыргызстандын ооруканаларында жаңы рентген аппараттары орнотулууда

Кыргызстандын ооруканаларында жаңы рентген аппараттары орнотулууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылдын декабрь айында 96 техника сатылып алынган.

Буга жардамды Азия өнүктүрүү банкы жана Глобалдык фонд көрсөткөн.

Рентген аппараттары биринчи кезекте жабдуулары иштен чыккан же такыр жок болгон ооруканаларга жиберилгени белгиленди.