“Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 25 адам кармалды

“Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 25 адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык,

 

10-сентябрга караган түнү түйүндө бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган жергиликтүү тургундардан турган топ аныкталган.

 

Алар бажы ишин монополияга алып, Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товарды Кара-Суу районундагы “Каратай” бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан. Тергөө жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.