Салык кызматкерлери коррупцияга айыпталып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) патентке төлөнүүчү акчаны өздөрүнө ыйгарып алган салыкчылар кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Базар-Коргон райондук салык кызматынын инспекторлору райондогу базарда иштеген соодагерлердин патентке төлөөчү акчасын чогултуп, өздөрүнө ыйгарып жүрүшкөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 26-декабрь күнү Базар-Коргон районундагы мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы С.С.К. жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн инспекторлору Н.У.С., А.М.К. кармалган. Баары тең Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагына киргизилди.

Иликтөө иштеринин натыйжасында салык кызматынын кармалган инспекторлору ишкерлерден патент үчүн ай сайын акча чогултуп, бирок өздөрү алып турганы аныкталды. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери коррупциялык иштерге шек саналып кармалган учурлар арбып баратат. 20-декабрда Өзгөн райондук салык кызматынын бөлүм башчысы У. К. пара алууга шек саналып кармалган. Андан мурдараак УКМК Кара-Суу базарын тейлеген салыкчыларды акча талап кылууга шек санап кармаган. Мунун алдында салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу Бишкектеги «Орто-Сай» жана “Дордой” базарларында салык чогултууга жооптуу кызматкерлер кармалганын маалымдаган.