Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок айылында шамал паркы курулат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдан электр энергиясын өндүрө турган станциянын курулушуна капсула салуу иш-чарасы өттү.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каражат бөлүнүп, курулуш иштерин “Росатом” жүргүзөт. Долбоордун жалпы суммасы 120 миллион долларды түзөт.
Станциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзүп, ал 280 миллион КВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Бул көлөм жайкысын Ысык-Көл облусунун 80 пайызын электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Курулуштун мөөнөтү бир жыл.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.