Аламүдүн ГЭС-5тин байссейнине калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Аламүдүн ГЭС-5тин байссейнине калкып туруучу күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

“Чакан ГЭС” компаниясы Аламүдүн ГЭС-5 гидроэлектростанциясынын суткалык жөнгө салуу бассейнине Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станцияларын куруу пилоттук долбоорун ишке ашырууга киришти.

 

Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттын эсебинен курулуп, аянты 1 миң 200 кубометр жана кубаттуулугу 100 кВт болгон фотоэлектр панелдерин орнотууну камтыйт.