Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоо иштерин кытайлык компания жүргүзөт

Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоо иштерин кытайлык компания жүргүзөт. Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен ТВЕА компаниясынын төрагасы Чжан Син жолугушту.

 

Алар ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүндө электр жана жылуулук энергиясын долбоордук деңгээлге чейин жогорулатуу маселесин талкуулашкан. Ошондой эле алар ТВЕА ишканасы өз адистерин жылуулук-энерго борбордун кызматкерлерин окутууга, №3 жана №4 блоктордо оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жибере турганын макулдашты.

 

Эске салсак, аталган компания  2014-17-жылдары ЖЭБди 386 миллион долларга модернизациялаган.