Бишкекте 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миинстрлигинен билдиришкендей, Опера жана балет театрынын алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукциясынын жана технологиясынын көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.
Ага коопсуз жол менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер, жаңгактар, шире, кыям, дары чөптөр, бал жана башка азыктар коюлат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.