Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы транспорт тапшырылды.
Жалпысынан 107 даана техника берилди, анын ичинде тез жардам унаалары, санитардык транспорт, минивэндер жана атайын дезинфекциялык машиналар бар.
Техниканын жалпы баасы 3 миллион доллар. Транспорт Россиянын колдоосу менен ишке ашып жаткан “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында тапшырылды.