Рейддин жыйынтыгында 1,7 млн сом транспорт салыгы түштү

Мамлекеттик салык кызматы ушул айдын башынан тарта жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында транспорт салыгынан 1 млн 710,3 миң сом чогулганын билдирди.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, бул аралыкта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте 154 рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө транспорт каражаттарына салык төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаган 1 миң 64 салык төлөөчү аныкталды.

 

Мындан тышкары, 870,7 миң сомго айып пул салынды.

 

Өлкөдө транспорт, турак жай жана жеке участокторго салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, салыкты өз учурунда төлөбөгөн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. Андан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн туум кошулат.

 

Эске салсак, мүлк салыгын 1-сентябрга чейин төлөө керек болчу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.