ЭТТН колдонбогондор үчүн быйыл айып салынбайт

Товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн колдонбогондор үчүн быйыл айып салынбайт.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай чечим ишкерлерге байланышкан кыйынчылыктарды эске алуу менен кабыл алынды.

Бул жеңилдик ишкерлердин системага оңой өтүүсүнө шарт түзөт деп күтүлүүдө.

Эске салсак, 1-январдан тарта товар жүгүртүү менен алектенген бардык ишкерлер электрондук эсеп-фактурага өтүүгө милдеттендирилген.