“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяны 9,5 миң дыйкан алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 3,5 миллиард сомдон ашык берилди. Каражат өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына багытталууда.
Долбоордун алкагында насыялоонун жалпы көлөмү 5 миллиард сомду түзөт.