Кыргызстанда багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-28-жылдарга карата программасын коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, аталган жылдар аралыгында өлкө аймагында 5 мамлекеттик питомник, багбанчылыкка адистешкен 25 кооператив, 14 кластер түзүлүп, 2 соода логистикалык борбор курулат. Андан тышкары, багбанчылык багыттары үчүн дээрлик 2 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилет.