Чаткал кичи ГЭСтер каскадын курууга 213 миллион доллар инвестиция салынат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору макулдашуусуна кол коюлду. Долбоордун алкагында Чаткал дарыясында жалпы кубаттуулугу 160 мегаватты түзгөн 4 кичи ГЭС курулат. Алар: Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак жана Айгыр-Жал станциялары.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.