Майлуу-Сууга кичи ГЭС куруу үчүн дээрлик 36 миллион доллар керектелет

Майлуу-Суу шаарына кичи ГЭС куруу үчүн дээрлик 36 миллион доллар керектелет.

 

Тиешелүү долбоор өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин жыйынында каралганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор ишке ашырылса, кубаттуулугу 26 МВт болгон кичи ГЭС иштей баштайт.

 

Отурумдун күн тартибинде ошондой эле “Кыргызнефтегаз” ишканасын модернизациялоо, Бишкекке дене тарбия жана ден соолукту бекемдөө спорттук комплексин куруу долбоорлору талкууланды.