Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылап иштеп чыгууга 200 миллион доллар кошумча грант бөлүп берди. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, негиздеме 2014-жылы 2 миллиард 800 миллион долларга жасалган. Бирок убакыт өтүп кеткендиктен, учурда аны жаңылоо зарылчылыгы келип чыкты.
Эске салсак, 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча “жол картага” кол коюшкан. Коңшу мамлекеттер долбоорго каражат салып, ордуна электр энергиясын алышат.