Жумабек көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды

Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү жол капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда адистер Жумабек көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт-бетон аралашмасын төшөй баштады.

 

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө кызыл сызыктан чыккан бардык объектилер демонтаждалып, ирригациялык система орнотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун эки тарабында тең тротуар капиталдык оңдоодон өтүп, жаңы асфальт төшөлгөн.