Бишкек – Нарын – Торугарт трассасындагы Кубакы ашуусу жолдун тайгагынан улам эки тараптуу жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасындагы Кубакы ашуусу жолдун тайгагынан улам эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Чектөө кечээ кечинде киргизилген.

 

Жүргүнчүлѳр Балыкчы – Нарын каттамы аркылуу жүрүп жатат. Айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө аталган каттам менен жолго чыкпай туруу эскертилди.