Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу, жол кырсыктарын алдын алуу максатында “Сосновка” түйүнү аркылуу жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.

 

Мындай чектөө аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.

 

Жеринде жолчулар тынбай иштеп, кардан тазалоо, инерттүү материалдарды себүү иштери жүрүүдө.