Бишкектин борбору бир сутка суусуз калат

Бишкектин борбору бир сутка суусуз калат. Эртең саат 9дан түнкү 9га чейин темир жол линиясы, Аламүдүн дарыясы жана Фрунзе, Панфилов көчөлөрү менен чектелген аймакта таза суу берүү токтотулат.

 

Мындан тышкары, Матросов, Горький, Бектенов, Скрябин, Мавлянов жана 7-апрель көчөлөрүнүн аймагында суу болбойт.

 

“Бишкексууканал” ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.