Түркиядан атайын борт менен дагы 22 кыргызстандык эвакуацияланды

Кыргызстан Түркиядан Казакстан аркылуу дагы 22 жаранын эвакуациялады.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Астанага учуп барган кыргызстандыктарды элчиликтин жана диаспоранын өкүлдөрү тосуп алышты.

Аларга тамак-аш уюштурулуп, азыр автожол менен мекенге алып келүү маселеси чечилүүдө.

Кечээ, 8-февралда Астана аэропорту аркылуу Кыргызстандын 17 жараны эвакуацияланган.

Ошондой эле, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан кыргыз жарандарын Кыргызстанга Ташкент аркылуу да жөнөтүү маселеси чечилди.

Соңку маалымат боюнча Түркиядагы зилзалада набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.