ИИМ айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертет

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алгандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, социалдык түйүндөрдө айдоочулук күбөлүктү тез жана арзан, белгилүү бир акча каражатын төлөй салса эле жазап беребиз деген жарнамалар кездешүүдө.

 

Белгиленгендей, жасалмаларды табуу ыкмалары ар кандай болот: кызматкерлер жумуш алып барып жатканда жасалманын белгилерин визуалдуу түрдө аныкташат, берилген күбөлүктөрдүн маалымат базасы боюнча текшерүүдө жасалмалуулуктун белгилерин көрүп калышат.

 

Мындан тышкары, жасалма күбөлүктү сатып алуу кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш экендигин түшүнгөн жарандар телефон аркылуу: белгилүү бир күбөлүктүн маалымат базасында бар же жогун билүүгө аракет кылышат.

 

ИИМ укуктарды берген расмий документти жасалмалоо, анын анык мазмунун бурмалаган расмий документке атайылап жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү, аны даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан пайдалануу, мындай документти сатуу, ошондой эле жасалма мөөрлөрдү же мамлекеттик сыйлыктарды даярдоо КР Кылмыш-жаза кодексинин «Документтердин жасалмасын жасоо» беренесине ылайык, 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын эскертет.