Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13 миллиард кубометрге жетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13 миллиард кубометрге жетти. “Электр станциялар” ишканасынын маалыматына караганда, башкы резервуарга секундасына орточо 344 метр куб суу агып кирип, сууну керектөө секундасына 210 куб метрди түзүүдө.

 

Өткөн жылды ушул мезгилинде суунун көлөмү 11,5 млрд куб метр болчу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.