Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануунун суткалык рекорду катталды

Кечээ, 12-январда, Кыргызстанда бир суткага электр энергиясы эң көп пайдаланылып, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук энергетика тармагы» ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.
Электр энергиясын колдонуунун максималдуу көрсөткүчү 73,8 миллион киловатт-саатты түзгөн. Буга чейинкиси 2021-жылдын 6-январында катталып, анда 73 миллион киловатт-саатты түзгөн.
«Энергетиктер жабдуулардын ысып, иштен чыкпашы үчүн электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлүшү мүмкүн. Ыкчам топтор нөөмөттө турушат», — деп айтылат маалыматта.
Энергетиктер кыргызстандыктарды бир учурда бир нече электр жабдуусун иштетпөөгө жана электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
Кыргызстандын улуттук энергетика тармагы катуу суукка байланыштуу төмөнкүдөй аракеттерди көрдү:

ишкана жетекчилигинин, борбордук аппараттын, бардык филиалдардын жетекчилеринин жана жооптуу адистеринин, ошондой эле объектилерде персоналдын түнкү нөөмөтүн уюштурду;

өзгөчө кырдаалдар катталган учурда аларды тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы даярдалды;

оңдоо бригадалары автотранспорт жана зарыл болгон каражаттар менен камсыз болду.