Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азаюусун улантууда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азаюусун улантууда. Электр станциялар компаниясынан билдиришкендей, соңку маалыматтарга ылайык, өлкөнүн башкы резервуарында 10 миллиард 153 миллион кубометр суу калды.

 

Суунун агып кириши 132 кубометр болсо, чыкканы – 917 кубка барабар болууда. Буга байланыштуу өлкөнүн энерго компаниялары кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү колдонууга чакырат.