Президенттин администрациясы Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматкерлерди жумасына эки ирет коомдук транспортто жүрүү боюнча демилгесин колдоду

 

Президенттин администрациясы Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматкерлерди жумасына эки ирет коомдук транспортто жүрүү боюнча демилгесин колдоду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Ага ылайык, шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон күндөр деп саналат. Шаар бийлиги бул талапты аткарбагандарга тартиптик чара колдонуп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.