Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жөлөк пул жогорулатылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин чечими менен пособиненин өлчөмү 3 миң 700 сомдон 5 миң 500 сомго көбөйтүлдү.
Ошондой эле, 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын натыйжасында жабыркагандарга дагы ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул каралып, анын өлчөмү 5 миң 500 сомду түздү.