Telegram өлкө бийлигинин талабы менен колдонуучунун IP дарегин жана телефон номерин ачыктайт

Telegram өлкө бийлигинин талабы менен колдонуучунун IP дарегин жана телефон номерин ачыктайт. Бул тууралуу мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров жарыялады.

 

Жеке маалыматтар юридикалык сурамдын негизинде берилет. Telegram колдонуучулары үчүн жазылган эрежелер жаңыланды. Мындай чара кылмыштарды алдын алуу үчүн жасалууда.

 

Эске салсак, Дуров бир ай мурда Францияда камакка алынып, көп өтпөй өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен кое берилген. Ал жумасына эки ирет полицияга келип каттоодон өтүшү керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.