Дүйнөдөгү эң чоң үйлөнүү үлпөт тою Индияда өттү. Бир эле учурда 2 миң 143 түгөй баш кошушту.
Иш-чара кыз-жигиттердин сары, кызгылт жана кызыл гүлдөгү гирляндаларын алмаштыруусу менен башталды. Андан соң жубайлар бардык ырым-жырымдарды аткаруу үчүн залга жөнөштү.
Салтанат миңдеген коноктор катышкан чоң банкет менен аяктады. Ар бир түгөйгө колуктунун зер буюмдары жана тиричилик техникасы камтылган белектер топтому берилди.