Бизнесмен Илон Маск адамдын мээсине импланттарды сыноого уруксат алды

Америкалык бизнесмен Илон Маск адамдын мээсине импланттарды сыноого уруксат алды. Эми мээнин активдүүлүгүн компьютерге туташтырып байкоо салса болот.

 

Ойлоп табуучулар көзү көрбөй же кыймылдай албай калган адамдар атайын чиптердин жардамы менен кадимки жашоого кайтып келе алат деп үмүттөнүшүүдө. Нейрочиптер мээнин сигналын Bluetooth аркылуу өткөрүп, алардын жардамы менен компьютер же смартфонду түздөн түз башкарса болот.

 

Белгилеп кетсек, Илон Масктын компаниясы буга чейин жаныбарларга ушундай сыноо жүргүзүп келген.