Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи келди

Женалы Орозбаев мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.