Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Кубанычбек Самаков ант берди.
Ал парламенттеги «Элдик» депутаттык тобунун курамына кирди.
Эске салсак, ушул жылдын 10-сентябрында Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо өткөн.